icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чаткал районундагы мектептин курулушу текшерилди

Мамкурулуштун директорунун орун басары Бактыяр Стамбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Чаткал районунун Курулуш айылындагы 225 орундуу С.Мырзалиев атындагы мектептин курулушу менен жеринде таанышты. 

Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюжеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Бакай” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Объекттин курулуш наркы 141 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, спорттук зал, откана жана көмүр сактоочу жай куруу каралган. 

Бүгүнкү күндө мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылып, ички жана сырткы курулуш иштери жүрүп жатат.