icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарында окуу жылдын башталышына карата жаңы мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда

Мамкурулуш тарабынан жаңы окуу жылдын башталышы менен Нарын шаарындагы  №9 А.Садыков атындагы 375 орундуу мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда. Объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштери «Илек Строй Групп» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча эки кабаттуу “А” жана “Б” окуу корпустары, спорттук зал, өтмө галерея, актовый зал, ашкана, откана, сырткы ажаткана, сырткы оюн аянтчасы менен салуу каралган. 

Учурда ички жана сырткы курулуш иштери аткарылууда. Алдыда мектептин айланасын көрктөндүрүү, жылытуу системасын толук бүткөрүү жумуштары калды.