icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунда курулуш тармагындагы бир катар курулуштагы ченемдик-техникалык документтер жаңыртылды.

Алсак, 1981-жылкы курулуш ченемдери жана эрежелери (СНиП) КЧжЭ II-22-81 «Таш жана армоташ конструкциялары» – Мамкурулуштун 2024-жылдын 31-июлунда № 73 буйругу менен бекитилген КР КЧ 51-01:2024 «Таш жана армоташ конструкцияларына» жаңыртылды;

- 2022-жылкы курулуш ченемдери (СН) КЧ 53-01:2022 «Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери» – Мамкурулуштун 2024-жылдын 31-июлунда № 74 буйругу менен бекитилген КР КЧ 53-01:2024 "Болот конструкциялары". Долбоорлоо ченемдерине жаңыртылды;

- 2024-жылкы курулуш ченемдери (СН) КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» – Мамкурулуштун 2024-жылдын 9-августтунда № 75 буйругу менен бекитилген КР КЧ 20-02:2024* Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдерине жаңыртылды;

- Уюмдардын стандарттары (УСТ) 05757676-001-2024 «Кыргыз Республикасынын шарттары үчүн темир-бетон конструкцияларында А500СП классындагы арматураларды колдонуу” Институттун директору тарабынан 2024-жылдын 1-августунда бекитилди.

Ошондой эле, жаңыртуу үчүн:

- жеңил конструкциялар боюнча – КР КЧ 31-108:2023 “Муздак ийилген цинктелген профилдерден жана гофралуу листтерден жасалган жука дубалдуу болот конструкциялары. Долбоорлоо эрежелери” курулуш эрежелеринин долбоору даярдалууда;

- КЧжЭ 2.02.01-83* «Имараттардын жана курулмалардын негиздери» боюнча – курулуш эрежелеринин долбоорун иштеп чыгуу башталды.