icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абадда 650 орундуу мектеп-гимназиянын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап калды

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылындагы №6 Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназияда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Мектепти толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иши 2024-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Мектеп-гимназия 1976-жылы пайдаланууга берилген, 650 орундуу, учурда 3-кабаттуу окуу корпусу, спорттук залы, актовый залы, ашканасы, өтмө галереясы оңдолуп бүттү, учурда сырткы фасад боюнча жумуштар жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Окуу жылдын башталышына карата толук бүткөрүү пландалууда.

Мектепте 2023-2024-окуу жылдары 1057 окуучу билим алган.