icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Окуу жылдын башталышы менен Жалал-Абадда 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №4 Д.Шопоков атындагы 620 орундуу мектептин курулушу аяктап калды. Объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштери “Рамзан Компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Объекттин курулуш наркы 136 млн сомго бааланган.

Долбоор боюнча 3-кабаттуу окуу корпус жер төлөөсү менен спорттук зал, актовый зал, ашкана, өтмө галерея, сырткы ажаткана, откана куруу каралган. Мектептин жалпы аянты 4160 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 97 пайызы бүткөрүлүп, учурда айланасын көрктөндүрүү жумушу жүргүзүлүдө. Окуу жылдын башталашына карата пайдаланууга берүү пландалууда.