icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абаддагы №87 мектептин спорттук залы окуу жылга карата бүткөрүлөт

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жаңы-Айыл айылындагы №87 Келечек атындагы мектебинин спорттук залынын курулушу окуу жылдын башталышына карата ачылат. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштери "Асема" ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Объекттин тендердик баасы 19,4 млн сомду түзүп, жалпы аянты 365 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 85 пайызы бүткөрүлдү, учурда айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.