icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Сузак районунда жаңы бала бакча быйыл бүткөрүлөт

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу быйыл бүткөрүлөт. 

Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Долбоор боюнча бир кабаттуу имарат, ашкана, откана, суу сактоочу кампа, сырткы ажаткана жана оюн аянтчасы менен куруу каралган. Курулуш-монтаждоо иштери “Мастер строй” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.  

Объекттин наркы 27 млн сомду түзөт.