Өткөн жылга салыштырмалуу, 2024-жылдын январь-июнь аралыгында Кыргызстандын курулуш тармагы 44,5% өскөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы статистика чыгарды.
Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылда Кыргызстандын курулуш тармагы жакшы көрсөткүчкө чыкты. Белоруссия жана Казакстанда 8,6%, Россия Федерациясында 3,9% түзсө, ал эми Арменияда 2,1% түзгөн.