icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Памирлик кыргыздар үчүн курулуп жаткан турак үйлөр бүткөрүлүүдө

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Чон-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чон Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан жеке турак үйлөрдун  ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамына карата тапшыруу пландалууда. 

Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 млн сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 10 турак үй курулду. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт, 6 бөлмөлүү. 

Бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн курулуш жумуштары 95 пайызга бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда.