icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин жана Мамкурулуштун директорунун орун басары Бактыяр Станбековдун Нарын облусунун Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында социалдык объекттердин курулуш иштери текшерилди.

Иш сапардын алкагында Жумгал районунда курулуп жаткан бир катар объекттерди кыдырышты. 

Төмөндөгү объекттер:

* Куйручук айылындагы А.Сулайманов атындагы мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери; 

* Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө мектебинин курулушу;

* Түгөл-Сай айылындагы спорттук залдын курулушу; 

* Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу; 

* Чаек айылындагы Ч.Дүйшеева атындагы музыкалык мектептин кошумча корпусунун курулушу текшерилди.