icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл облусунда жалпы 7 соцобъекттин ачылыш аземи болду

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча 3 мектеп, 3 бала бакча жана Маданият үйүнүн онлайн ачылыш аземи болуп өттү.

Алар: 

Ак-Суу районунун Жергез айылындагы О.Элебесов атындагы 150 орундуу мектеп;

Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылындагы А.Рысмендеев атындагы 225 орундуу мектеп;

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы Пушкин атындагы 275 орундуу мектеп;

Түп районунун Байзак айылындагы 100 орундуу бала бакча;

Түп районунун Михайловка айылындагы 100 орундуу бала бакча;

Түп районунун Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакча;

Түп районунун Талды-Суу айылындагы 220 орундуу маданият үйү.