icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош облусунда жалпы 15 соцобъекттин ачылыш аземи болду

30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ош облусу боюнча 4 мектеп, 1 бала бакча жана 10 турак үйдүн онлайн ачылыш аземи болуп өттү.

Алар: 

Алай районунун Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу №32 Кум-Шоро мектеп; 

Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп;

Ноокат районунун Караке айылындагы Б.Абдиев атындагы 150 орундуу мектеп;

Өзгөн районунун Кыймыл айылындагы 60 орундуу бала бакча;

Өзгөн районунун Чымбай айылындагы № 54 Т.Сарыков атындагы 375 орундуу мектеп;

Афганистандан келген этникалык кыргыздар үчүн 20 үй-бүлөгө ылайыкталган 10 турак үй пайдаланууга берилет.