icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй өрөөнүндө жалпы 4 соцобъект пайдаланууга берилди

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Чүй облусу боюнча 2 мектеп, 1 спорткомплекс жана Бишкек шаарындагы мектеп-гимназиянын кошумча корпусунун онлайн ачылыш аземи болуп өттү.

Алар: 

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мектебине 500 орундуу кошумча окуу корпус;

Чүй районунун Кошой айылындагы 225 орундуу мектеби;

Чүй районунун Чүй айылындагы спорткомплекс; 

Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясына 225 орундуу  кошумча окуу корпус пайдаланууга берилди.