icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын облусунда жалпы 4 соцобъект пайдаланууга берилди

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Нарын облусу боюнча 3 мектеп жана 1 спорттук залдын  онлайн ачылыш аземи болуп өттү.

Алар: 

* Ат-Башы районунун Жаны-Куч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы 150 орундуу мектеп;

* Жумгал районунун Табылгыты айылындагы И.Орозалиев атындагы 150 орундуу мектеп;

* Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы 150  орундуу мектеп;

* Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы спорттук зал.