icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Долбоордук топтун экинчи отурумунун жыйынтыгы: жаңы багыттар жана демилгелер

2024-жылдын 30-августунда Мамкурулушта BIM технологиялары боюнча жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү. Жыйында катышуучулар мурда башталган талкууларды улантып, мурунку жыйында белгиленген төрт негизги багыт боюнча баяндама жасашты.

 

Негизги көңүл BIMди Кыргыз Республикасынын курулуш процесстерине интеграциялоо боюнча стратегияларды иштеп чыгууга бурулду. Ченемдик укуктук базаны түзүү, программалык камсыздоонун технологиялык шайкештигин камсыздоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана долбоорлорду башкарууну оптималдаштыруу маселелери каралды. Ошондой эле тажрыйба алмашуу жана BIM технологияларын ишке киргизүүнү тездетүү үчүн тышкы өнөктөштөрдү тартуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

 

Жыйындын жүрүшүндө буга чейин даярдалган адистерди жана колдо болгон ресурстарды колдонуу менен BIM технологияларын колдонуу менен мектептер жана бала бакчалар үчүн типтүү долбоорлорду иштеп чыгуу сунушу да каралды.

Жумушчу топтун кийинки отурумунда BIM демилгелерин натыйжалуу ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды жана иш-чараларды камтыган ар бир багыт боюнча жол карталарынын долбоорлорун сунуштоо пландаштырылууда.