icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абадда 650 орундуу мектеп-гимназия пайдаланууга берилди

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылындагы №6 Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназия толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 2-сентябрда пайладанууга берилди.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев жана орун басары Талант Иманакун уулу катышты. 

Мектеп 1976-жылдары курулган, ошондон тарта капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.  Быйыл, 2024-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин каржылоосу менен оңдоп-түзөө иштери башталган. 

Билим ордо 650 окуучуга ылайыкталган, 3-кабаттуу окуу  корпусу, актовый залы, ашканасы, спорттук залы жана өтмө галереясы бар.

Мектепте 2023-2024-окуу жылдары 1057 окуучу билим алган.