icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бедел өткөрүү пунктунда расмий ачылыш аземи өттү

2024-жылдын 3-сентябрында, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жаңы “Бедел” өткөрүү пунктунун салтанаттуу ачылыш аземи болду.“Бедел” өткөрүү пункту убактылуу инфраструктураны түзүү менен жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ачылган. Учурда электр жарыгы тартылып, убактылуу Барскоон-Учтурфан-Аксуу автожолу постко чейин 58 чакырымга созулуп, көпүрөлөр салынды.

 

Автожолду толук масштабдуу куруу, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү 2027-жылга чейин биргелешип ишке ашырылат.

Кийинки эки жылдын ичинде “Цемент-Там” участкасында заманбап текшерүү комплексин куруу пландалууда.

 

Ачылыш аземге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Торобаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов, ошондой эле Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз, Кытай делегациясы катышты.

 

Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын партиялык комитетинин катчысынын видео кайрылуулары менен башталды.

«Бедел өткөрүү пункту мындан аркы экономикалык кызматташтыктын дарбазасы гана болбостон, биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун жана өз ара урматтоонун көпүрөсү болуп калат. Жакынкы келечекте Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын жана жүргүнчү ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшүүчү маанилүү эл аралык транспорттук-логистикалык коридорго айланат деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

 

КПК Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мучесу Ма Синьруи белгилегендей, жаңы өткөрмө пунктунун ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы жакшы коңшулук жана стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев жаңы транспорт коридору Эркечтам жана Торугарт өткөрүү пункттары менен катар Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган үчүнчү чоң дарбаза жана көпүрө болуп, мындан да тыгыз өз ара аракеттенүүгө жана учурдагы каттамдарды кеңейтүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.

 

«Таза Ысык-Көл облусу менен гүлдөгөн Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун чек арасында жайгашкан бул уникалдуу долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдейт. Кыска убакыттын ичинде көп иштер аткарылды, алдыда дагы көптөгөн милдеттер турат. Бул биздин узак жолубуздун башталышы гана», - деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.

 

ШУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы кыргыз-кытай мамилелеринде жаңы этапты ачып, эки элдин бакубаттуулугуна жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошо турган жаңы долбоорлорду жана мүмкүнчүлүктөрдү жаратаарына ишенимин билдирди.