icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мындай чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.