icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Миң-Куш айылындагы ооруканада толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

 Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, “Ильяс Курулуш” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. 

Бүгүнкү күндө, имараттагы демонтаж иштери толук бүтүп, терезелер алмаштырылды, ал эми ички курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлүп, сырткы курулуш жумушу 95 пайызга даяр болду. Каржыланган баасы 33 млн сомго жакын каражатты түзөт.