icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чолпон-Ата шаарында 175 орундуу бала бакча толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №3 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берилди.  

 Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, “Каракол Курулуш” ЖЧКсы тарабынан аткарылды. Жалпы оңдоп-түзөө иштерине 5 млн сомго жакын каражат жумшалган. 

Бала бакча 1969-жылы курулган. Азыркы учурда 256 бөбөк тарбияланууда.