2024-жылдын 5-сентябрында Сары-Ой айылында КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев жана облус жетекчиси У. Э.Далиев туристтик объекттердин өкүлдөрү менен Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүү жана эс алуучу жайларды жакшыртуу боюнча жыйын өткөрүдү.
Иш-чарада эс алуучу жайлардын бирдиктүү архитектуралык долбоорун түзүү, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана Ысык-Көлдүн туристтик жагымдуулугун жогорулатуу боюнча негизги маселелер талкууланды.
Эскерте кетсек, жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, аймактык архитекторлор жана туристтик жайлардын ээлери катышып, көлдүн айланасын көрктөндүрүү боюнча ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.