icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Бактыяр Станбеков жана Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангельдиева “Альянс” парламенттик фракциясы уюштурган көчмө жыйынга катышышты.

Көчмө жыйын Бишкек шаарындагы Үсөнбаев менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде Жусуп Абдырахманов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки аралыктагы Чоң Чүй каналынын жээгин көрктөндүрүү максатында уюштурулган. Көрктөндүрүү боюнча бир нече маселелер көтөрүлүп, ал боюнча  иш план иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.