icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш менен Кытай Эл Республикасы курулуш тармагында кызматташтыкты чыңдоодо

2024-жылдын 11-сентябрында Бишкекте Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчилиги менен Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусунун делегациясынын ортосунда маанилүү жолугушуу болуп өттү. Кытайлык делегацияны Кечжоу шаарынын партиялык комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, аткаруучу вице-губернатор Чэн Лянь башчылык кылды.

 

Жолугушуунун негизги максаты эки өлкөнүн курулуш жана архитектура тармагындагы кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду. Жолугушууда тараптар бир катар негизги маселелерди, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду, курулуштун алдыңкы технологияларын жана инновациялык чечимдерди киргизүүнү, ошондой эле имараттарды туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

 

Тараптар эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана шаар куруу жана архитектура жаатында тажрыйба алмашууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Курулуш тармагындагы биргелешкен инвестициялар жана кызматташуу эки аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо ала тургандыгы белгиленди.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эксперттерди алмашуу боюнча макулдашышты.