icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуштун келечеги: BIM технологиясынын жол картасы долбоорлору боюнча үчүнчү жолугушуунун жыйынтыгы жана эл аралык форумга даярдык

Бүгүн Мамлекеттик курулуш агенттигинде курулуш тармагына маалыматтык моделдештирүү (BIM) киргизүү боюнча жумушчу топтун үчүнчү отуруму болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө экинчи отурумдун протоколдук чечимдери каралып, КМШ өлкөлөрүнүн BIMге өтүүдөгү ийгиликтүү практикалары талкууланды. Бул иштеп чыгууларды Кыргызстандын курулуш тармагын санариптештирүүнү тездетүү үчүн колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, курулуш компаниялары тарабынан BIMди параллелдүү изилдөө жана киргизүү зарылдыгы талкууланды. Жумушчу топ маалымат моделдөөсүнө өтүү сөзсүз болоорун, курулуш уюмдары азыртан даярдык иштерин баштоосу керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясынын 2024-жылдын 1-октябрында Астана шаарында өтө турган IV Борбордук Азиялык BIM Time форумуна катышуусу жөнүндө да айтылды. Форум аймактагы BIM технологияларын талкуулоо жана жайылтуу үчүн негизги аянтча болуп калат жана мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Жыйындын соңунда катышуучулар стандарттарды шайкеш келтирүү жана мамлекеттик деңгээлде технологияларды интеграциялоо процессин жөнөкөйлөтүү максатында BIMди ишке ашырууну жөнгө салуучу мамлекеттер аралык ченемдик укуктук базаны изилдөөнү баштоону сунушташты. Ошондой эле иш-чаралардын графиги жана жооптуу аткаруучулар менен жол картасын даярдоо боюнча макулдашылды.