icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Иманакун уулу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан 9 айдын ичинде аткарылган иш-чаралар боюнча, облустар аралык Капиталдык курулуш башкармалыктардын жетекчилеринин онлайн катышуусунда отчет алуу боюнча жыйын өткөрдү

17-сентябрда Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан 9 айдын ичинде аткарылган иш-чаралар боюнча, облустар аралык Капиталдык курулуш башкармалыктардын жетекчилеринин онлайн катышуусунда отчет алуу боюнча жыйын өткөрдү.

 Департамент тарабынан жыл башынан бери 114 социалдык объекттерде курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. Мындан сырткары жыл аягына чейин республика боюнча 78 социалдык объекттини бүткөрүү пландалууда.

Жыйындын жүрүшүндө, областтар аралык Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниктеринин аткарган иш-чараларына баа берилип, айрымдары кызмат ордунан алынды. Алсак, Жалал-Абад, Талас облустарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниктеринин орун басарларын, кызматтан алуу боюнча Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевге сунуштама киргизилди. Мындан сырткары Талас, Ысык-Көл облустар аралык Капиталдык курулуш башкармалыктын начальниктерине сөгүш берилди. 

Мындан ары квартал сайын отчет берүү боюнча жыйындар өткөрүлүп турат.