icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Эки тараптуу кызматташуу: Кыргызстан менен Япония биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландарды түзүүдө

2024-жылдын 25-сентябрында Бишкекте Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Б.К.Станбеков менен Япониядан келген делегациянын ортосунда маанилүү жолугушуу болуп өттү. Япониялык делегацияны Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана тышкы саясат долбоорлору департаментинин директору Минагава Нозому жетектеп келди.

Жолугушуунун негизги максаты эки өлкөнүн курулуш жана архитектура тармагындагы кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар негизги маселелерди, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду, алдыңкы курулуш технологияларын жана инновациялык чечимдерди киргизүүнү, ошондой эле

- дамбаларды эксплуатациялоо, тазалоо, жабдуу;

- өлкө боюнча суу менен камсыздоо жана канализация көйгөйлөрү;

- шаар куруу чөйрөсүндөгү маселелер

Тараптар эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана шаар куруу жана архитектура жаатында тажрыйба алмашууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Курулуш тармагындагы биргелешкен инвестиция жана кызматташуу эки аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо ала тургандыгы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эксперттерди алмашуу боюнча макулдашышты.