icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

26-сентябрда Бишкек шаарында, “Орион” отелинде Мамкурулуш тарабынан LG Electronicsтин колдоосу менен уюштурулган конференция болуп өттү

 Кыргызстандагы курулуш тармагында эффективдүүлүктү жана туруктуулукту жогорулатуу маселелери, курулушта BIM технологияларын жана энергия үнөмдөөчү чечимдерди колдонуу негизги маселе катары каралды. Мисалы, жылуулук насосторун киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, эл аралык донорлордун программалары жана мындай долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.  

Мамкурулуш иш-чаранын ийгилигин белгилеп, өнөктөштөрү — ЮНИСОН Групп жана PolyTechnologies компанияларына ыраазычылык билдирет жана конференция курулуш тармагын туруктуу өнүктүрүү жана инновацияларды киргизүү үчүн маанилүү кадам болгонун баса белгилейт.