Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад обулусунун Сузак районунун Багыш айылындагы спорткомплекстин курулушу бүткөрүлдү.
Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Санат Нур” ЖЧКсы тарабынан аткарылды.
Заманбап шарттар менен курулган спорткомплекстин жалпы аянты 756 чарчы метрди түзөт. Курулушту толук бүткөрүүгө 32 млн. сом каржыланды.