icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жумгал районунда 100 орундуу мектептин курулушу башталды

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Нарын облусунун Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу мектептин курулушу башталды. 

Долбоор боюнча заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу окуу корпус, спорттук залы менен курулат. Мектептин жалпы аянты 1029 чарчы метрди түзөт. 

Курулуш-монтаждоо иштерин «Илек Строй  Групп» ЖЧКсы жүргүзүүдө.