icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ноокатта 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Мамкурулуш тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун  Үч-Бай айылындагы 275 орундуу мектептин курулушу уланууда. 

Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча мектеп 4 блоктон турат, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, спорттук зал, ашкана, сырткы ажаткана, кичи футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат. 

Учурда мектептин курулушу 75 пайызга бүткөрүлдү. Курулуш-монтаждоо иштери “Грузо-Трейд” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.