icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуштун кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында илимий конференцияга катышты

Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик иниститунун директору Канат Канболотов жана жаш адистер, 9-14-сентябрь күндөрү борбор калаада имараттардын сейсмикалык туруктуулугун изилдөө, эсептөө жана долбоорлоо жаатында тажрыйба алуу максактында Жер титирөөгө туруктуу курулуш эксперттеринин Эл аралык Ассоциациясы тарабынан уюштурулган конференцияга катышты. 

Конференцияга КМШ өлкөлөрүнөн жана чет өлкөлөрдөн келген эл аралык илимпоздор, алдыңкы илимий мекемелердин өкүлдөрү, долбоорлоо уюмдарынын адистери, эксперттер, жаш окумуштуулар келишкен. 

Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө курулуштун сейсмикалык туруктуулук изилдөө жаатында илимпоздордун баяндамалары окулуп, иш-чаранын интерактивдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн презентациялардын ар кандай форматтары көргөзүлдү.

Ошондой эле, институттун директору Канат Канболотов «Курулуштардын сейсмикалык туруктуулугун жана инженердик долбоорлоо тармагындагы комплекстүү изилдөөлөр» деген темада доклад окуду.