icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Арстанбап дарыясынын оң жана сол тарабынан орун алган мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүүдө

Бүгүн 2024-жылдын  4-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы  Жалал-абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Базар-Коргон  районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Арстанбап айылынын борбордук базардын ортосунан Арстанбап дарыясы өтүп, анын үстүнөн Бишкек-Ош унаа өтүүчү көпүрөсүнүн оң жана сол тарабынан баш аламан мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү үчүн, атайын Экономика министрлининен жолдомо алуу үчүн кат жолдонуп, Эскертме жазуу алынып учурда жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз курулуштурды бузуп, коопсуз жерлерге жылдыруу  иштери жүрүп жатат.