icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Мамкурулуш тарабынан Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында 120 орундуу бала бакча курулууда. 

Объекттин курулуш иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Долбоор боюнча заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу имарат, откана, сырткы ажатканасы жана оюн аянтчасы  каралган. Бала бакчанын жалпы аянты 1330 чарчы метрди түзүп, курулуш-монтаждоо иштери «Курулуш компания Бакай» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.