icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ооган-Талаа айылында жаңы оорукананын курулушу аяктап калды

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы оорукананын курулушу дээрлик 95 пайызга бүткөрүлдү. 

Объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Долбоор боюнча 2 кабаттуу имарат терапия жана төрөт бөлүмдөрү бар, №11, №12 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу поликлиникасы менен каралган. Имараттын жалпы аянты 2379 чарчы метрди түзөт.

 Курулуш-монтаждоо иштери “Сантехмонтаж” ЖЧКсы тарабынан аткарылды.