icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Алай районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн, 14-октябрда Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылындагы 150 орундуу Т.Эсенов атындагы мектептин ачылыш аземи болду. 

Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча Г формасында 3 блоктон турган, эки кабаттуу окуу корпус, китепкана, жыйындар зал, медициналык бөлмө, ашкана, өтмө галерея жана спорттук зал каралган. Жалпы аянты 956 чарчы метрди түзөт. 

Курулуш-монтаждоо иштери “Эрбол Строй Сервис” ЖЧКсы тарабынан аткарылды. Мектептин курулушунун наркы 87 млн сомду түзөт.