icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Лайли айылындагы 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

2024-жылдын 14-октябрда Мамкурулуш тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунун Лайли айылындагы 150 орундуу мектеп салтанаттуу түрдө ачылды.

Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Долбоор боюнча мектеп 3 блоктон эки кабаттуу окуу корпустан жана спорттук залдан туруп, жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзөт.

Класстык кабинеттерден тышкары китепкана, ашкана, откана жана сырткы ажаткана каралган. 

Мектептин курулушуна 97,6 млн сом каражат бөлүнгөн.