icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Таш-Арык айылында 275 орундуу мектептин салтанаттуу ачылыш аземи өттү

Ош облусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы 275 орундуу №60 Абдылдаев атындагы мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 

Объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Жалпы аянты 2142 чарчы метрди түзгөн билим берүү объект долбоор боюнча 3 блоктон эки кабатуу окуу корпустан туруп, спорттук зал, ашкана, балдардын жана кыздардын кол эмгек класстары, футболдук, волейболдук оюн аянтчалары каралган. 

Мектептин курулушуна 75,4 млн сом каражат бөлүнгөн.