icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү

Коллегия Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К Орунтаевдин жана анын орун басарларынын жетекчилигинин астында өтүп, аталган жыйынга борбордук аппараттын, Мамкурулушка караштуу мекемелердин жана регионалдык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Ал эми аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү онлайн байланышта болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө ведомствонун 2024-жылдын акыркы 9 айындагы аткарылган ишмердүүлүгүнүн жалпы жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди жана учурдагы маселелер талкууланды, ошондой эле 2024-жылдын аягына чейинки артыкчылыктуу багыттар белгиленди.