icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Түп айылында жаңы оорукана комплекси пайдаланууга берилди

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында 60 орундуу оорукана комплексинин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 

 Комплекстин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча 1338 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта, төрөт зал, жандандыруу бөлмөсү, операция залы, процедуралык бөлмөсү жана 2,3,4 орундуу палаталары каралган. Оорукана замандын талабына ылайык курулуп, техникалып аппараттар менен камсыздалды. Объекттин курулушуна 88 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.