icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Озгур айылында 225 окуучу орундуу мектептин курулушу башталды

Мамкурулуш тарабынан Ош шаарына караштуу Озгур айылында республикалык бюджеттин эсебинен мектептин курулушу башталды. 

Жаңы мектеп 3 блоктуу 3 кабаттуу окуу корпустан турган, спорттук залы жана өтмө галереясы менен курулат. Жалпы аянты 2034 чарчы метрди түзгөн билим берүү объекттин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген.

Мектептин долбооруна ылайык негизги класстык кабинеттерден тышкары: актовый зал, компьютердик класс, лаборатория, китепкана жана сырткы волейбол, баскетбол аянтчалары каралган. 

Курулуш-монтаждоо жумуштары “Сантехмонтаж” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.