Өлкө башчы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Мамкурулуш тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылында 275 орундуу мектептин ачылыш аземи болду .
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 135 млн сомду түздү.
Жаңы мектеп 3 блоктон турган эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал жана өтмө галереясы бар. Ошондой эле, долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Мектептин жалпы аянты 1383 чарчы метрди түзөт.