Мамкурулуш тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы Т.Зулпуев атындагы мектебинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлүп, салтанаттуу түрдө ачылды.
Мектептин курулушу 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 118 млн сомду түздү.
Жаңы мектеп 275 окуучу орунга ылайыкталып, 3 блоктон турган 2 кабаттуу окуу корпустан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Ошондой эле, долбоор боюнча негизги класстык кабинеттерден тышкары биология, химия, физика, компьюттердик класс, кол эмгек кабинети каралса, спорттук залда улан-кыздар үчүн кийинүүчү жана жуунучу жайлар бар. Мектептин жалпы аянты 1660 чарчы метрди түзөт.
Билим ордонун эски имараты мурун бала бакча болуп, кийин 1993-жылы билим алуу үчүн мектептин корпусу катары пайдаланууга берилген.