Мамкуруш агенттиги тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы Дыйкан атындагы мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 126 млн сомду түзгөн.
Долбоор боюнча 375 орундуу жаңы мектеп 3 блоктон турат, эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Мындан сырткары, долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, китеп окуу бөлмөсү, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Объекттин жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин 90 пайыздык жумуш бүткөрүлдү.