Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектура жөнүндө Мыйзамынын талаптарына ылайык, Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы Каракол шаарынын мэриясы менен бирдикте коомдук багыттагы аймактарда (парктарда, аянттарда ж.б) объекттерди мыйзамсыз жайгаштыруу кырдаалын тартипке келтирүү максатында, Ысык-Көл облусунун борбордук аянттарында, Каракол шаарындагы "Победа" сейил багында жарандар тарабынан мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөрдү, жеңил типтеги орнотмолорду демонтаждоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.