Мектептин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 97 млн сомдон ашык каражатты түзөт.
Жаңы мектептин жалпы аянты 3003 чарчы метрди түзүп, 500 окуучуга ылайыкталган. Долбоор боюнча 5 блоктон турган эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы менен курулду. Ошондой эле, негизги окуу класстардан тышкары лабораториялык класстар, дарыгердин кабинети, тиш доктурдун кабинети, кулинардык кабинет, кездемелерди иштеп чыгуу кабинети, актовый зал, китепкана, окуу залы электрондук китепканасы менен, радио түйүнү (радиоузел), ашкана каралган.
Үстүбүздөгү жылы мектептин курулушун толук бүткөрүү пландалган.