Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун түштүк филиалынын жаңы жетекчиси болуп Абылкасымов Абдижалил Жусупович дайындалды.
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун түштүк филиалы институттун курулуш тармагында заманбап технологияларды өнүктүрүүгө жана колдонууга багытталган стратегиясын ишке ашырууда негизги ролду ойнойт.
Абдижалил Абылкасымовду кызмат орду жана кесиптештери менен Институттун директору Канат Канболотов тааныштырды.
Абылкасымов Абдижалил Жусупович кызмат ордунда натыйжалуу башкарууну, институттун түзүмүнө ийгиликтүү интеграцияланышын жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүнү камсыз кылат деп ишенебиз!