Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Архитектура курулуш көзөмөлдөө департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы Бишкек шаарындагы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдүн долбоор менен курулуш иштеринин шайкештигин карап жумуш алып барууда, аткарылган жумуштун негизинде, курулуш жумуштарын аткарууда техника-коопсуздук эрежелеринин бузулгандыгы, курулуш аянтын, курулуш иштеринин уюштурулушу Кыргыз Республикасынын 12-01-2018 жана 12-02-2018 нормаларына ылайык келбегендиги аныкталып, аткарууга эскертме баракчалар берилип жатат, ошондой эле түшүндүрү иштери жүргузүлуп, өзгөчө орой бузуулар менен жумуш алып барган курулуш компанияларга ордунан токтом толтурулуп акчалай айып салынууда. Ошондой эле Башкармалык коопсуздук эрежелери кайталанып бузулган учурларда курулуш ишкананын жана жумушчулардын лицензиясын жана сертификатарын жокко чыгаруу жөнөндө суроо коюларын билдирет. Башкармалык бул багыттагы иштерди улантат, буга байланыштуу Бишкек шаарынын куруучуларына КЧжЭ (СНиП) жана курулуш эрежелердин талаптарын так аткаруу зарылдыгын эскертет.
________________