Мамкурулуш агенттиги тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы А.Сүйүмбаев атындагы мектептин капиталдык оңдоосу аяктап калды. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Мектеп толук капиталдык оңдоодон өттү. Алсак, терезе эшиктери, сантехник, канализация жана жарыктандыруу системалары алмаштырылып, ички жана сырткы курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлдү. Билим ордону реконструкциялоо наркы 32,3 млн сом түзөт.