icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Кара-Суу районунун Нариман айылына курулуп жаткан бала бакчанын курулушу аяктап калды.

Бала бакчаны куруу иштери республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы башталган, тендердик баасы 70,7 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча 120 орунга ылайыкталган эки кабаттан турат. Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинет бар. Объекттин жалпы аянты 1076 чарчы метрди түзөт. Учурда бала бакчанын курулуш-монтаждоо иштери 95% пайызга бүткөрүлдү.