icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Баткен районунун Таян айылындагы 150 орундуу Таян мектебинин курулушу быйыл бүткөрүлөт.

 Мектептин курулуш 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 83,2 млн сомду түзөт.  

Долбоор боюнча заманбап шартта эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галерея, ашканасы бар. Ошондой эле негизги окуу класстардан тышкары китепкана, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана  лаборатория, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Объекттин жалпы аянты 1233 чарчы метрди түзөт. 

Учурда мектептин курулуш-монтаждоо иштери 95% бүткөрүлдү. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 18 социалдык объектте курулуш иштери жүргүзүлүүдө.